Кечээ, 18-январда Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында хоккей боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, мелдешти Жумгал районунун Спорт комитети жана Миң-Куштагы спорт мектеби уюштурду.
Мелдешке “Жумгал-Шортон” (Чаек), “Нуралы-Ата” (Кызыл-Жылдыз), “Барчын” (Миң-Куш) командалары катышты. Жыйынтыгында 1-орунду “Жумгал-Шортон” командасы ээлесе, 2-орунду “Нуралы-Ата” командасы багындырды. 3-орунду “Бырчын” ээледи.
Жыйынтыктар:
“Жумгал-Шортон” – “Нуралы-Ата” – 7:2
“Нуралы-Ата” – “Барчын” – 5:4
“Жумгал-Шортон” – “Барчын” – 3:2