Жайыл районунда “65 жаштагы аялды зордуктаган” деп шектелип 34 жаштагы айылдашы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-январда милицияга арыз менен Алексеевка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 65 жаштагы аялды 13-январь күнү саат 22:30 чамасында анын чала тааныш айылдашы күч колдонуу менен зордуктаганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Т.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, бул иш боюнча иликтөө улантылууда.