Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда КРнын ИИМинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 339-чакырымында орун алган. Анда КамАЗ-5320 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа ошол эле үлгүдөгү унааны капталы менен уруп кеткен. Анын кесепетинен капталга урулган унаа 600 метрдей жүрүп барып турак үйлөрдүн биринин дубалын сүзгөн. Натыйжада оор жаракаттарды алган 41 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран аймактык ооруканадан каза болуп калган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан