17-январда АКШнын Огайо штатында “Аmerican Grappling Challenge” федерациясы тарабынан уюштурулган эл аралык мелдеш болуп өттү. Анда үч кыргызстандык спортчу беттеш өткөрүп, жеңишке жетишти. Бул тууралуу “Kyrgyz USA community” жаштар уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, байгеге Кубат Кубаналиев (65 килограмм салмакта), Адилет Раманов (70 кг), Ильямин Турдубаевдер (80 кг) ээ болушту. Кыргызстандык балбандар “Manas Wrestling Club” күрөш клубунда тарбияланып келишет.