Кадамжайда мечиттен алынган китептер теологиялык экспертизадан өткөрүлөт

Кадамжай РИИБинин 10-бөлүмүнүн оперкызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун Марказ айыл округунун Көк-Талаа айылында жайгашкан "Сары-Алтын" мечитинен алынган китептер теологиялык экспертизадан өткөрүлөт. Бул тууралуу 19-январда Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мечитте Каракол шаарынын тургуну 1970-жылы туулган К.А., Жети-Өгүз районунун туругуну М.С., Өзгөн шаарынын С.Д. аттуу тургунунан диний 4 даана китеп, 1 даана араб тилиндеги кол жазма менен жазылган дептер, кол жазма менен араб тилинде жазылган 5 даана блокнот, 6 даана Кыргыз Республикасынын кээ бир райондорунун картасы араб тилинде кол менен жазылып жана тартылган баракчалар, 2 даана диний маңыздагы араб тилинде жазылган брошюралар калыстардын катышуусунда акт түзүлүп алынды. Бул факт боюнча азыр теологиялык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан