Борбор калаада "iPhone 5 үлгүсүндөгү уюлдук телефонду уурдаган" деген шек менен 18 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 18 жаштагы Р.Наргиза аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар анын үйүнө кирип, баасы 30 миң сомду түзгөн iPhone 5 үлгүсүндөгү телефонун уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы З.Бегайым кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.