Чаткал районунда мал уурулукка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 16-январь күнү Көк-Серек айылынын 32 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар аны күч колдонуп коркутуп, 16 баш коюн алып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 3 жаран кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.