Кыргызстан – Орусия – 2:1
Голдор: Дүйшөбеков (45-мүнөттө), Умаров (50-мүнөттө, пенальтиден), Евсеев (83-мүнөттө, пенальтиден)
Кечээ, 19-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан "Шериктештик Кубогу-2015" мелдешинин 3-туру орун алды. Бул оюндардын алкагында 21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан жаштар курама командасы үй ээси, мелдеште чемпиондукка башкы талапкерлердин бири болгон Орусия менен кез келип, 2:1 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш Кыргызстан жаштар курамасынын өз тарыхында биринчи ирет аталган мелдеште тайпадан чыгуусун камсыздады.
Молдова жана Латвия курамалары менен тең эсепте ойноп, кыргызстандыктардын тайпадан чыгар-чыкпасы Орусия менен болгон оюндан көз каранды болуп калган. Айыгышкан беттеште кыргызстандык жаш футболчулар акырына чейин ойноп, жеңишти камсыздай алышты. Ошентип, “В” тайпасында эң көп упай топтогон Кыргызстан тайпадан биринчи болуп чыкты (3 оюндан 5 упай топтоду). Орусия 4 упай менен 2-орунду ээлеп чыкты. Бул эки команданын байгелүү орундарга болгон аракети мындан ары да улана бермекчи.