Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айыл округундагы үйлөрдүн биринде унаа оңдоп жаткан тургундун белине бензин төгүлүп кетип, ал белинен ылдый күйүп калды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 56 жаштагы А.Ж. аттуу жаран унаасын оңдоп жатып белине бензин төгүп алган. Кийин ал тамекисин тутандырар замат күйүп кеткен. Натыйжада белинен тизесине чейин 3-даражадагы күйүк алган. Учурда Ош облустук ооруканасынын Күйүк борборунда дарыланууда.