Ысык-Көл облусунда каракчылык фактысына шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 20-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-январь күнү саат 10:30 чамасында милиция кызматкерлерине Оргочор айылынын тургуну кайрылган. Анда ал бет капчан эки адам үйүнө кирип, карактоого аракет кылганын билдирген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 44 жаштагы жаран кармалган. Ал эми экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.