Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун №15-жергиликтүү аймактык башкармалыгынын аймагында шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузулган. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Корей көчөсүндө таштанды контейнеринин жанына курулуш таштандылары баш аламан төгүлгөнүн аныкташкан. Натыйжада Санитардык-экологиялык инспекциянын инспекторлору тарабынан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Т.Ү. аттуу жарандын атына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлүп, Биринчи Май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.