Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган айыл аймагынын кызмат адамдары каржы-бухгалтердик документтерди жасоо аркылуу 200 миң сомго жакын акча каражатын өздөрүнө чегерип алышкан. Учурда бул боюнча “кызмат абалынан пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.