Бишкек-Торугарт унаа жолунун 143-чакырымында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 18-январь күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда 23 жаштагы айдоочу унаасын башка албай калып, жол четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Анын кесепетинен 47 жана 44 жаштагы Бишкек шаарынын эки тургуну каза таап, айдоочу жана эки жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Учурда экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.