Ысык-Көл облусунда издөөдө жүргөн Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган 25 жаштагы Ж. уулу Бактыбек буга чейин каракчылык жана күч органынын кызматкерине күч колдонуу боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн. Ал 2014-жылдын 6-декабрынан 7-декабрга караган түнү жанына бир нече адамды ээрчитип алып, күч органынын кызматкерин ур-токмокко алып, анын унаасынын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарып коркуткан. Ошол эле түнү бул кылмышка шектүү катары Ж. уулу Бактыбектин жанындагы 5 бала кармалып, ал өзү изин жашырып кеткен.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.