“Орусия сыяктуу команданы утканыбыз кубандырат” дейт Кыргызстан жаштар курамасынын машыктыруучусу

"Шериктештик Кубогунда" Орусияны утуп алган Кыргызстандын 21 жашка чейинки курамасынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов бул жеңиш тууралуу ой бөлүштү. “Өзүңүздөр көргөндөй, оюн өтө оор болду. Орусия сыяктуу кураманы утуу кубандырат! Орусиянын курамында башкы курамдын айрым оюнчулары жок экенин байкадык. Биздин команда өз тарыхында биринчи ирет тайпадан чыкты. Мен өзүлөрүн толук арнаган футболчуларга ыраазымын”,- деп билдирген М.Эшенов мелдештин расмий сайтынын өкүлдөрүнө.  

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курамасы “В” тайпасында алгачкы 2 турда Молдова жана Латвия курамалары менен тең эсепте ойной алган. Акыркы турда алар үй ээси Орусияны утуп, тайпадан биринчи болуп чыга алышты. Ал эми Латвияны утуп, Молдова менен тең ойногон Орусия жаштар курамасы карамагындагы 4 упай менен тайпадан экинчи болуп чыкты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bektursun2010
2015-01-20 11:36:52
ийгилик
0
bektursun2010
2015-01-20 11:37:12
Ийгилик
0
sungjinsystem
2015-01-20 12:08:09
"Тарыхта биринчи жолу..." дебей "мурда деле утуп жургонбуз" деп койбопсун сыр бербей
0
Sadyrov_n93
2015-01-20 18:59:39
sungjinsystem, Неге антиш керек туурасын айтыш керекпи?антсе да айтмаксын алдады деп
0
sibiryak
2015-01-20 12:29:53
Азаматсыз Мирлан мырза!!!
0
Ruslan_d
2015-01-20 13:57:23
Азаматсынар силерге рахмат дагы ийгиликтерди кутобуз.
0
jugorsk
2015-01-20 14:57:23
Азаматсынар унубуз калбай калгыча кыйкырып колдоп турдук ишеничти актадынар молодец !!!
+2
nursultan1
2015-01-20 15:19:48
jugorsk, Силерге да раазыбыз, кудай буйруса сиздердин деминер менен Кыргызстан эн мыкты оюн корсото бнрмекчи!
0
Alisher96
2015-01-20 17:19:12
ийгилик
0
Sadyrov_n93
2015-01-20 18:58:13
Азаматсынар ийгилик,женишти бербегиле.
0
uefamif
2015-03-04 12:51:04
коруп оло суйундум. Алга Кыргызстан!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан