Өзбекстан Ала-Букадагы атышуу боюнча кыргыз чек арачыларын айыптады. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек араны коргоо комитети билдирди.
Аталган комитеттин берген маалыматына караганда, “Кыргызстандын үч чек арачысы Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келишип, өзбек жарандарын атып, аңчылык куралдарын тартып алышкан” деп айтылат.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы Ала-Бука районундагы "Көк-Серек" чек ара тозотунда ок атышуу орун алып, бир адам жаракат алганын маалымдаган эле. Анда Өзбекстандын 3 жараны Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип келип, аңчылык кылышкан.