Баткен облусунда жаран 1 килограмм маңзат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жарандын жашырып койгон жеринен 1 килограмм баңгизат табылган. Учурда жарандын өздүгү такталууда. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.