Учурда Гвинеяда Африка элдеринин Кубогу, тактап айтканда, Африканын футбол боюнча биринчилиги өтүп жатат. Тарыхта 30-ирет уюшулуп жаткан мелдеш 17-январдан 8-февралга чейинки аралыкта өтөт. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, мелдешке адаттагыдай 16 команда катышууда. Командалар 4 тайпага бөлүнүп, кийинки баскычка алып баруучу жолдомолорду өз ара талашып жатышат. Тайпалык баскыч 28-январда аяктайт. Кошумчалай кетсек, 2 жылда бир уюшулуучу мелдешти 2013-жылы Нигерия курамасы утуп алган.