Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 17 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда
SUPER.KG порталына КРнын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы
Тилек Оторов билдирди.
Маалыматка ылайык, катталган 17 жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам каза болуп, 27 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Балыкчы-Каракол унаа жолунда Кара-Талаа айылына жетпей жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин 2 кызматкери каза болуп, 4 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алып Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга ылайык,
Тойота Эстима үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан 39 жаштагы Р.Сыдыков рулду
башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден каза болсо, анын 35 жаштагы жүргүнчүсү ооруканага жетпей жолдон көз жумган. Азыркы учурда 2 жүргүнчүнүн абалы оор. Айрым маалыматтарга ылайык, Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери чогуу иштеген кесиптешинин атасы каза болуп, көз көрсөтүү үчүн таңга маал жолго чыгышкан.