Борбордогу "Камкордук" рейдинин алкагында жашы жете элек 31 бала райондук милицияга алынып келди

Борбордогу "Камкордук" рейдинин алкагында көчөдөн кармалган жашы жете элек 31 бала милиция бөлүмүнө алынып келди. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган рейд 19-январдан 24-январга чейин улантылмакчы. Рейддин негизги максаты -көчөдө жүргөн жашы жете элек балдарды, тилемчилик менен алектенген жана кароосуз, мектепке барбай жүргөн балдарды аныктоо. 19-январдан бери Райондук ички иштер башкармалыгына 31 жашы жете элек бала алынып келип, анын ичинен экөө издөөдө жүргөндөр болуп чыккан. Жетөө өздүгүн тактоо үчүн алынып келген. Ошондой эле Балдар комиссиясына 4 материал жөнөтүлүп, 5 жашы жете элек бала туруктуу жашоочу жайы жок экендиги аныкталган.      

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shpionka
2015-01-20 19:16:24
Качан 10 окуя болгондо чуркап калышат давноооо эле рейд эургузуп туруш керек болчу.
+1
Rifle
2015-01-21 12:12:38
Shpionka, Рейд жургузуш оной эле , анын жыйынтыгы болобу ? Байкуш балдар,
0
tilek88.88kg
2015-01-23 09:33:17
Кыргызстандан жыйынтык чыгыш кыйынго болгондода ошо балдарга .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан