Мадриддик “Реал” футболдук клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду клубдун тарыхында эң көп гол киргизген алдынкы 3 футболчунун катарына кирди. Испания чемпиондугунда “Хетафеге” 2 гол киргизген футболчу голдорунун санын 289га жеткирди. Буга чейин 3-орунду 288 голу менен Карлос Сантильяна ээлеп келген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч боюнча Роналдунун алдында Рауль (323 гол) жана Альфредо Ди Стефано (307 гол) гана бар.
Кошумчалай кетсек, К.Роналду “Реалдын” курамында Испания биринчилигинде 206 гол, Испаниянын Кубогунда 21 гол, УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 57 гол, УЕФАнын Суперкубогунда 2 гол жана Испаниянын Суперкубогунда 3 гол киргизген.