Кадамжай районунда 21-январда саат 01:30 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 133-чакырымында, Халмион айыл өкмөтүнүн Гүлдүрөмө айылында жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Фольксваген Б-3 үлгүсүндөгү автоунаанын (мамлекеттик номуру Б 44 82 И) айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдун жээгиндеги каналга кулап түшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.
Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМнын Кадамжай шаарындагы куткаруучулары барышып, жабыркагандарды жана каза болгон адамды каналдан чыгарып, райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкени кабарланды.