Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жүргүнчү каза тапты

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 19-январь күнү саат 16:30 чамасында болгон. Вольво үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 27 жаштагы Шергазы рулга ээ боло албай жол боюндагы тосмону сүзүп, унаасы оодарылып кеткен. Натыйжада унаанын жүргүнчүсү Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилип, эсине келбей жатып каза болуп калган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча чогултулган материалдар аймактык тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан