2014-жылы кыргызстандык спортчулар жалпысынан 106 алтын, 112 күмүш, 186 коло медаль утушкан

2014-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан 265 массалык-спорттук иш-чара өткөн. Ошондой эле кыргызстандык спортчулар аталган агенттиктин эсебинен түрдүү спорт түрлөрүнөн 71 эл аралык мелдешке жөнөтүлгөн. Машыгуу сборлорунун саны 142ни түзсө, анын 18и чет жерлерде болгон. Жалпысынан машыгуу сборунда каржыланган спорт ишмерлеринин саны 1077ни түзгөн.   
Кыргызстандык спортчулардын өткөн жылы түрдүү мелдештерде багындырган медалдарынын саны 404тү түзөт. Анын 106сы алтын, 112си күмүш, 186сы коло медалдар. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыл жыйынтыгын чыгарууга багытталган жыйынында айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sungjinsystem
2015-01-21 11:53:52
Оо азаматсынар! Бул жылы да жемиштуу болсун. Ийгилик! ! !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан