Шаардык спорт комитетинин төрагасы
Шейшенкул Бакиров "Эмгек сиңирген машыктыруучу" деген наам татыктуу эмес адамдарга да берилип, өз аброюн жоготуп жатканын билдирди.
"30-40 жыл иштеген деп эле бул наамды бере бербешибиз керек. Ушул жыл аралыгында наамга талапкердин спортко кандай салым кошконун, кандай чемпиондорду тарбиялаганын жакшылап карап чыгыш керек. Болбосо, тааныбай өткөрүп жиберебиз. Наамды алып, анан арак ичип жүрсө, өзүбүзгө эле сөз тийип калат",- деп кошумчалады Ш.Бакиров.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бүгүн, 21-январда орун алган жыйынында аталган агенттиктин массалык спортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев сөз алды. Ал 1963-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта 574 кыргызстандык машыктыруучуга "Эмгек сиңирген машыктыруучу" деген наам берилгенин айтып өттү.