Борбордо уурдоо фактысына шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ш.Т. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 27-декабрь күнү саат 14:30 чамасында белгисиз жарандар анын соода кылып жаткан жеринен 18 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ысык-Ата районунун 25 жаштагы А.М. аттуу тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.