Бишкекте “тогуз унаа уурдаган” деп шектелип 3 студент бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-январь күнү милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар жеңил унаасын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, шектүү катары 3 студент бала кармалган. Тергөөдө алардын жалпы тогуз унаа уурдашканы белгилүү болгон. Алар унааларды арзан баада сатып жиберишчү. Учурда уурдалган 3 унаа табылып, калгандары изделүүдө.