Ички иштер министрлигинин академиясында 1-курста окуган бала 2-курстун студентин бычактап салды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда өздүк булактар билдирди.
Өздүк булактын айтымында, окуя мындан бир канча күн мурун болгон. Бирок бул маалымат ачыкка чыкпай, жашырылып жатат.
“Окуя пикир келишпестиктен улам келип чыккан. Мындан улам 1-курстун студенти жанындагы 2-курста окуган баланы санга сайып жиберген. Учурда жабыркаган бала ооруканада” деди өздүк булак.
Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бул кабарды тактай турганын билдирди.