Теннис боюнча кыргызстандык кыздар курама командасы индонезиялык спортчуларга утулушту
Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан теннис боюнча эл аралык мелдеште
Кыргызстандын кыздар курама командасы индонезиялык команда менен беттешип, 0:3
эсебинде утулушту.
КРнын Теннис федерациясы билдиргендей, 6-февралда кыргыз теннисчилери “В” тайпасында ойноп
2 турда жеңилип, 1 турда утушкан. Маалым болгондой, кыргызстандык
спортчулар эми дагы 2 оюнга катышат.