"Шериктештик Кубогу-2015": Чейрек финалда кыргызстандык футболчулар Финляндия жаштар курамасына утулуп калышты

Бүгүн, 21-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан "Шериктештик Кубогу-2015" мелдешинин чейрек финалында кыргызстандык футболчулар Финляндия жаштар курамасына 1:0 эсеби менен утулуп калышты.

Ошентип, Финляндия жарым финалга өттү. Анын атаандашы бүгүн белгилүү болот. Ал эми кыргызстандыктар 5-8-орундар үчүн ат салышат.

Айта кетсек, бүгүн чейрек финалда Беларусь – Казакстан, Тажикстан – Түркмөнстан, Орусия – Түштүк Африка Республикасы командалары кезигишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zarbaliktik
2015-01-21 18:10:36
Топту 60 пайыз козомолдоп жатып утулуп калды! Чечуучу сокку болбой жатты. Техника физикалык жактан финдерден биздикилер кучтуу болгону менен"школа" жэтишпей калды. Финдер грамотно комбинация уюштуруп жалгыз чабуулу 100% реализациялады. А то по игра кыргыз алда канча жакшы оюн корсотту.
0
nursultan1
2015-01-21 18:20:05
zarbaliktik, ооада аянычтуу, бирок алдыда ийгиликтер бар!
0
ryzhak
2015-01-21 18:53:27
финндер жашынып атып эле утуп алышты блин.. Бирок, кыргыздарда футбол типтируу эле экен. Азаматтар, жакшы ойношту! Питердеги кыкемдер жакшы эле колдошту ай, боорду эзип жатышты... Иши кылса сыймыктандым жакшы эле))
0
beka88
2015-01-21 18:58:00
каар урушмай ойносок утат элек даа
-1
brend007
2015-01-21 19:19:07
эч нерсе эмес. эмкисинде утат. ийгилик
0
zarbaliktik
2015-01-21 20:18:19
Президент Атамбаевдин куйо баласы Семетей жакшы иштеп жатат. КФФ дин башчысы. Умуттор гулдой баштады. Эми ушул балдарды футболдо кармап калуу керек. Мигрант болуп кете элэктэ.
+2
kama_future_millioner
2015-01-22 01:16:06
Өкүнүчтүү бироок бары алдыдаа
0
Manasemetei
2015-01-22 03:19:41
utula ele berebizda eei
0
nurkasym-2014
2015-01-22 08:29:18
Шугур жылыш бар.Акырындан болсо да алга карай жылыш бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан