Жалал-Абад облусунда күчү 3,8 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 15:10 чамасында болгон. Анын күчү борборунда 3,8 баллга жеткен. Зилзала Базар-Коргон айылынан 10 чакырым түндүктү, Кочкор-Ата шаарынан 25 чакырым түндүк-чыгышты, Жалал-Абад шаарынан 26 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bossmos7
2015-01-21 18:06:47
Жараткан сакта Кыргызымды!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан