Баткен-Пүлгөн унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты

Баткен-Пүлгөн унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда КРнын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 21-январга караган түнү саат 01:00 чамасында болгон. Фольксваген Гольф-3 үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан айдоочу рулду башкара албай, унаа оодарылып, каналга түшүп кеткен. Оор жаракаттардан улам айдоочу каза болгон. Учурда бул жол кырсыгы боюнча чогултулган материалдар аймактык тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан