Бишкектин 8-кичи районунда дүкөндөрдүн биринин жанынан 24 даана ок-дары салынган баштык табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган дарекке барган Октябрь РИИБинин күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери ок-дарыларды "Эдельвейс" мергенчилик дүкөнүнүн жанынан жашы жете элек Н.Арууке аттуу кыз таап алганын аныкташкан. Кыз ок-дарыларды таап алганын байкесине айтып, ал милицияга кайрылган. Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын алкагында табылган ок-дарыларда "Nosler 280 ACK IMP" жазуусу бар экени аныкталды. Аталган факт боюнча суракка алынган "Эдельвейс" дүкөнүнүн ээси Ю.Владимир мындай ок-дарылар анын дүкөнүндө сатылбаганын айткан. Учурда табылган ок-дарылар соттук-баллистикалык экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери улантылууда.