Орусияда өтүп жаткан "Шериктештик Кубогу-2015" мелдешинин алкагында 4 жарым финалчы аныкталды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, жарым финалга Финляндия, Беларусь, Түркмөнстан жана Түштүк Африка Республикасынын жаштар курамасы чыкты.
Мелдештин чейрек финалдык оюндарында алгач Кыргызстан курамасы Финляндияга утулуп калды (1:0). Андан соң үй ээси Орусиянын жаштары африкалык командага туруштук бере албай, 2:0 эсебинде жеңилүүгө мажбур болду. Беларусь менен Казакстан 1:1 эсебинде тең ойноп, казакстандыктар пенальтилер сериясында 3:1 эсебинде утулушту. Ал эми Тажикстан атаандашы Түркмөнстанга 2:0 эсебинде утулуп, жарым финалга чыга албай калды.
Жарым финалда Түштүк Африка Республикасынын өкүлдөрү Беларусь менен кез келсе, Финляндия менен Түркмөнстан өз ара финалдык жолдомону талашат.