"Шериктештик Кубогунун" чейрек финалдык беттештеринде утулуп калган Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Кыргызстан жаштар курама командалары өз ара 5-орунду талашышат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, алгач 23-январда Кыргызстан жана Тажикстан жаштар курамалары кез келет. Ушул эле күнү Орусия менен Казакстандын ортосундагы беттеш өтмөкчү. Бул жуптуктардын жеңүүчүлөрү 25-январда 5-орунду өз ара талашышмакчы.