Ысык-Ата районунда “15 жаштагы кызды зордуктаган” деген шек менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда КРнын Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-январь күнү милицияга арыз менен Ысык-Ата районунун тургуну кайрылган. Анда ал 7-январь күнү саат 20:00 чамасында анын 15 жаштагы небересин белгисиз 2 жаран зордуктап койгонун айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Кант шаарынын 19 жаштагы С.А. жана 20 жаштагы З.Н. аттуу тургундары кармалды. Учурда аларга карата кылмыш иши козголуп, 2 айга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.