Жарандык коргонуунун
Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт
кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Аламүдүн
районуна караштуу Ленин айылындагы соода күркөлөрүнүн бири өрттөндү. Анын кесепетинен соода күркөсүнүн 30 чарчы
метр аянты, 3 муздаткыч жана сатыкка коюлган азык-түлүктөр күйгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Өзгөн
районуна караштуу Өзгөн шаарындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен күрүчтү кургатуучу жайдын 9 чарчы метр жыгач шыбы толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.