Өлкө чемпиону “Дордой” Түркиядагы машыгуу сборунун алкагында украиналык “Ильичевец” клубу менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча биринчилигин 2014-жылы утуп алган “Дордой” футболдук клубу "АФКнын Кубогу" мелдешинин тандоо туруна даярдыгынын алкагында Түркияда машыгуу сборун өткөрүүдө. Бул сбор алкагында “дордойчулар” украиналык “Ильичевец” клубу менен жолдоштук беттеш өткөрүшөт. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт. Маалыматка ылайык, беттеш 23-январга туураланган.

Кошумчалай кетсек, “Дордой” "АФКнын Кубогу" мелдешинин тандоо турунда түркмөнстандык “Ахал” клубу менен ойнойт. Беттеш 9-февралда Ашхабад шаарында орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан