Испаниянын “Реал” футболдук клубу 2014-жылы клубдар арасында эң көп киреше тапкан

Мадриддик “Реал” футболдук клубу 2014-жылы дүйнөдө эң көп киреше таба алган. Клубдун кирешеси бул жылы 550 миллион еврого жакын сумманы түзүп, “Реал” бул жааттагы рейтингде 1-орунду ээледи. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Реал” бул сумманын 113,8 миллионун өз стадионунда өткөн беттештерге кирүү укугун берүүчү билеттерди сатуудан тапкан. Ошондой эле 204,2 миллион евро команданын оюндарын түз эфирлерге берүүдөн чогултулса, 231,5 миллион евро жарнамалык келишимдерден түшкөн.

Өткөн жылы эң көп киреше тапкан 10 клуб төмөнкүчө:

1. “Реал” (Испания) — 549,5 миллион евро

2. “Манчестер Юнайтед” (Англия) — 518

3. “Бавария” (Германия) — 488

4. “Барселона” (Испания) — 485

5. ПСЖ (Франция) — 474

6. “Манчестер Сити” (Англия) — 414

7. “Челси” (Англия) — 388

8. “Арсенал” (Англия) — 359

9. “Ливерпуль” (Англия) — 306

10. “Ювентус” (Италия) — 279

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан