Бишкекте милиция формасын кийип, сатуучуларды коркутуп жүргөн 19 жаштагы кыз кармалды

Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери көчөдөн "милиция кызматкеримин" деп алдамчылык кылып жүргөн кызды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда бизге Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, 19 жаштагы кыз милиция кызматкерлерине шектүү көрүнгөн. Милиция формасындагы кызга тескөөчүлөр келип, документтерин сурашканда Токтогул районунда иштээрин айтып, документин көрсөтүүдөн баш тарткан. "Жеке текшерүүгө алышканда жанынан Кайгуул-күзөт кызматынын күбөлүгү табылган. Бирок Кайгуул-күзөт кызматы аларда Айзат Ашымова аттуу кызматкер жок экенин билдиришти",- деп маалымдашты мекемеден.

Андан кийин мурдараак Бишкектин тургундары эки күмүш чынжырчаны алдап алып алган милиция айымга чара көрүү тууралуу кайрылышканы аныкталган. Ошондой эле аталган айым сатуучуларды коркутуп, алардын азык-түлүктөрүн алып жүргөнү да белгилүү болду.

Учурда милиция кармалган кыздын башка иштерге да катышы бар же жоктугун иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
tilek88.88kg
2015-01-23 08:55:17
Милитция болуп иштегиси келеткенда камабай эле охрана же дежурныйга ишке алса болсо керек. Акыл ээси жакшы болсо
0
Chyngyz1993
2015-01-23 11:57:14
tilek88.88kg, элди алдап, коркутуп товарларын алып мындай иши менен жаарытып деле иштебейт бул.
+1
alailyk-kyz
2015-01-23 09:05:48
жашоонун жакшы жолун таап алса байкуш.ал да кыска болуптур да
+1
nurkasym-2014
2015-01-23 09:06:51
Атын чыкпаса жер оортто болуптур да.Журоктуу кыз экен эмнеси болсо да.
+2
sagyn91
2015-01-23 09:14:21
Удостоверениясында печаты жокко
0
uulay
2015-01-23 09:34:55
Жок дегенде документин сулуурак,окшоштуруп жазса болмок.Базардан сатып ала коюп, эптептир да.Тооба кылдым
+2
taku0214
2015-01-23 12:47:19
Жакшы кесип тааптыр да.
0
GORDIY.KG
2015-01-23 13:16:32
Олбостун кунун коруп жатыптырда. МЫндай кыздарды чет жака тынчы кылып жибериш керек ...
+1
Ajar.
2015-01-23 13:42:33
/OSHTUK_ sumaya, ой тобоо деп эле койбойсунбу!/

OSHTUK_ сизге кошулам!
0
aiba_00
2015-01-23 13:47:31
мен 19 жашымда мурдума бок суйкоп кетсе деле билбесем керек, азыр заманга жараша жаштайынан эле эмне болуп баратат элдер, жап-жаш эле кыз карасан десен духу жетип, элди коркутуп еще алып кеткенин.
0
aiba_00
2015-01-23 13:51:04
Мына келечектеги аффиристер ушундан башталат да. Эми сотолобу акталабы чыкса, ушул кыздан жакшы адам деле чыкпайт ко.
0
Deniza88
2015-01-23 13:51:05
Удостоверение сатылат, печать обязательно болуш керек , азыр печать. Да жазалат )))
0
Mek.kol
2015-01-23 15:12:09
Коментарийлерди окуп комедия коргондой болдум ))))))
0
shaadat.kg
2015-01-23 16:45:30
больницадан кордум эле ушу кызды бир кун ушул формасы менен бир кун эркеке окшоп капкара кийинип алып очередь кутуп турган жакшына эле суйлоп турат эле тан каласын ай азыр адамдарга
0
Mirbek1993
2015-01-23 18:19:32
Karo4i forma jarawyptyr ...
0
kg.sity93
2015-01-23 19:18:05
Милициянын кийимин сатып алдывы не бул кыз.кыйын экен эй.мен тан эле калдым.тообо деген ден башка аргам жок..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан