Ала-Бука районунда жол кырсыгы катталып, катуу суукта үшүп калган айдоочу жана жүргүнчүсү куткарылды

Ала-Бука районунда жол кырсыгы катталып, катуу суукта үшүп калган жүргүнчүлөр куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Сары-Талаа айылында болгон. КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип, эки жагынан даракка кептелип, эшиги ачылбай калган. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар тиешелүү жардам көрсөтүп, үшүп калган айдоочуну жана жүргүнчүсүн үйлөрүнө жеткиришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан