Чүй облусунда Сириядагы согушка тартылгандардын арасында 18 жана 17 жаштагы эже-сиңдилер да бар

Чүй облусунда 11 адам Сириядагы согушка тартылган. Алардын арасында 18 жана 17 жаштагы эже-сиңдилер да бар. Бул тууралуу Кант шаарында болгон форумдун жүрүшүндө ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.

Коомдогу көйгөйлөрдүн дагы бири - бул диний азгырыктарга кабылып, жарандарыбыздын Сирия өлкөсүнө кетип жаткандыгы. Ислам дининен толук түшүнүгү жок же болбосо көр оокаттын айынан кетип жатышкандыгы кейиштүү. Алардын арасында эки жаш кыз да бар. Бул үй-бүлөнү алып карасак, жашоо шарты жалпысынан орто, интернет-сайттары аркылуу бейтааныш адамдар менен таанышып, натыйжада Сирияга кетишкен. Керек болсо кетип жатканда ата-энелерине да айтышкан эмес. Мындай жагымсыз жагдай ата-энелердин балдарга болгон таасири төмөн экендигинен кабар берет”,- деди Мелис Турганбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
windom
2015-01-23 10:30:21
Кудайым озун адашуулардан сактай кор! Жаш кыздар ушунчалык динди,мусулман бир туугандарын суйсо оз олкосундо деле тынбай ибадат кылып,парздарын аткарып,ар дайым дуба кылып турса деле жетишмек.
+2
taku0214
2015-01-23 12:43:31
Сирияда атасынын башы барбы. Сирияга баргандын баары тозоко тушушот.
0
alik1602
2015-01-23 14:48:07
сириядагы согушчандар мусулмандар эмес,алар мусулмандарды олтургон каапырлар,оз динибизден адашпайлы жана башкаларга да айта журолу
0
toocool
2015-01-24 06:06:18
Menin uguwum boyuncha Chuydun panfilov rayonunan da eki kyz bir uy buloodon ketken,uwunchalyk suluu kyzdar ele,owolor tuuralu emespi kep,alardyn tuugandary bay kolunda bar adamdar,azyrky uchurda al kyzdardyn enesi da ketti,kyzdaryn tabat beken...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан