Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан "Шериктештик Кубогу-2015" мелдешинин алкагында бүгүн, 23-январда бир катар беттештер орун алат. Кыргызстан жаштар курамасы 5-орун үчүн болгон алгачкы беттешин тажикстандык футболчуларга каршы өткөрөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 17:15те орун алат.
Бул беттешке чейин Орусия жана Казакстан курамалары кез келет. Бул жуптуктарда жеңип чыккан командалар өз ара 5-орунду талашышат.
Оюндарды мелдештин расмий сайты түз алып берет.