Кыргызстандык спортчу Келсинбек Исакжанов "Moscow Open-2013" аттуу эл аралык мелдештин 5-турунда орусиялык шахматчыны утту
Орусиянын Москва
шаарында өтүп
жаткан "Moscow Open-2013" аттуу шахмат боюнча эл аралык фестивалдын 5-турунда кыргызстандык шахматчы Келсинбек
Исакжанов орусиялык Михаил Докучаевди утту. Буга байланыштуу мекендешибиз
367-орундан 204-орунга көтөрүлдү.
Кыргызстандык дагы бир
шахматчы Тагир Таалайбеков орусиялык Никита
Клепиков менен ойноп утулду.