Ош – Эркеч-Там унаа жолунун 4-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 23-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-январь түнү Мерседес-Бенц унаасы менен Дэу Тико унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен экинчи унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү каза тапкан. Ал эми биринчи унаанын айдоочусу Ош облустук ооруканасына кайрылган.