"Борбор калаадагы дүкөндөрдүн биринен кымбат баалуу ичимдикти уурдаган" деген шек менен 30 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен бүгүн, 23-январда билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен К.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда белгисиз жаран анын дүкөнүнөн "Хеннесси" деген аталыштагы 13 136 сомдук коньякты уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы М.Е. аттуу жаран кармалды. Учурда иликтөө иштери улантылууда.