Кара-Суу районунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1 мылтык, 4 граната, 1 гранатанын запалы, 1 ок салуучу куту, 114 патрон, 10 гильза табылган. Учурда бул боюнча экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.