Депутат Урмат Аманбаеванын соту убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда анын жактоочусу Нургазы Сыдыков билдирди.
Маалыматка караганда, ишти бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карамак. Бирок Аманбаеванын ден соолугуна байланыштуу сот иши убактылуу токтотулган. Депутат айым айыккан соң сот иштери кайрадан башталат.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.