Аламүдүн районунда зордуктоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 30 жаштагы Т.Э. аттуу айым кайрылган. Анда ал 19-январь күнү Муса аттуу чала тааныш адам күч колдонуп зордуктап салганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы А.Муса камалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.