Орусиянын Якутск шаарында 21 жаштагы кыргызстандык жаран кытай улутундагы 51 жаштагы аялды токмоктогондугу боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Якутиянын ИИМине шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жарыялашты.
Маалыматтарга ылайык, аял ур-токмоктон набыт болгон. "Анын сөөгү ресторандын жанынан табылган. Денесинде ур-токмоктун издери бар экени аныкталган. Мындан тышкары анын белинен ылдыйкы бөлүгү ачык, ал эми ички кийими бир аз чечилгени байкалган.
Сурак учурунда кылмышка шектүү жаран кылган ишин түшүндүрө алган жок. Бирок окуянын кандай болгондугун ырааттуу айтып берип, күнөөнү өз моюнуна алууда. Ал жашылча сатуучу дүкөндө жүк ташуучу болуп иштегендигин айткан. Жакында ал психиатр менен сүйлөшүү өткөрөт. Учурда убактылуу кармоочу жайда отурат.
Аталган факты боюнча "ден соолукка атайылап оор залал келтирип, өлүмгө алып келүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон",- деп жазышты басылмалар.